
Ошто билим берүү мекемелеринин жаңы окуу жылына даярдыгын Ош шаарынын мэри
Жеңишбек Токторбаев таңкы рейддик кыдыруунун алкагында текшерилүүдө.
Бүгүн, 19-августта мэр таңкы саат 06:00дө “Олимп” мектебине барды. Шарттарын көрүү учурунда крандары, айрым суу түтүктөрүн алмаштыруу тапшырмасын берди. Ошондой эле класстардын жетпей жаткандыгынан кабардар болуп, Ломоносов мектебинин корпусуна жайгаштырууну кароону сунуштады.
Токторбаев рейд учурунда мектептерге кеткен чыгымдардын ар бирин тактап жазуу керектигин айтты. Аны кайра төлөй тургандыгын эскертти.