Ысык-Көл облусунун Чырпыкты айылындагы менчик мал чарба фермасында өрт чыгып, 300 түк чөп жана жарым тонна саман күйүп кетти. Бул туурасында Өрткө каршы мамлекеттик агенттиги бүгүн, 15-январда билдирди.
Маалыматка караганда, өрт кечээ, 14-январда саат 19:20лар чамасында катталган. Өрттүн келип чыгышына балдардын от менен ойногондугу себеп болгон.