Чолпон-Ата шаарындагы "Ала-Тоо" пансионатында сабалган жигиттин өлүмүнүн себептерин тактоо үчүн тиешелүү адистерден турган комиссия түзүлүп жатат. Бул тууралуу бүгүн, 19-августта SUPER.KG порталына Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Анда комиссиянын ишинин жыйынтыгында кошумча маалымат бериле тургандыгы белгиленди.
Айта кетсек, 24 жаштагы Алтынбек Абдыжапаров аттуу жигит 14-17 жаштагы топ балдар тарабынан сабалып, окуядан 7-8 саат өткөн соң жабырлануучу каза тапты. Анын жакындары бийликке кайрылуу жасап, окуяга жана маркумга дарыгерлер менен укук коргоо кызматкерлери тарабынан көңүл кош мамиле жасалган деп айыпташууда.
Окуя боюнча маалыматты шилтемеге кирип окуй аласыздар.