Курулуш министри Нурдан Орунтаев Жүрөк хирургиясы жана органдарды трансплантациялоо боюнча улуттук илимий-изилдөө институтунда жүрүп жаткан калыбына келтирүү иштерин текшерди.
Эске салсак, ушул жылдын февраль айында өрттөн жабыркаган аталган мекемеге министр бир ай мурун барып, оңдоо-калыбына келтирүү иштеринин башталышы менен таанышкан.
"Бүгүнкү күндө имаратта ички конструкциялар демонтаждалып, жаңы терезе блоктору орнотулууда. Жылытуу жана санитардык-техникалык коммуникация системи жаңысына алмаштырылууда. Санитардык түйүндөрдө жана тиешелүү лабораториялык бөлмөлөрдө кафель плиткалары төшөлүп, оңдоо иштери бекитилген графикке ылайык жүргүзүлүүдө",- деп билдирди министрлик.