Биз социалдык тармакта

"Эр экенсиң..." Депутат Масалиев Байсаловдун сунушун сынга алды

Жогорку Кеңештин депутаты Исхак Масалиев социалдык тармактагы баракчасына өкмөттүн жергиликтүү бийликтерге берген сунушун жарыялап, аны сынга алды.

Анда Владимир Ленин атындагы көчөлөрдү өзгөртүүнүн тартиби каралган. Документке министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов кол койгон.

"Сунуштайт" имиш... Мыйзам бар, тартип бар, акыл эс болуш керек... Тарыхыбыз жана эстеликтер менен күрөшкөнгө эр экенсиң иним, Эдил! Өзүңөр төрөлүп, жакшылыкты көрүп чоңойгон заманды таптакыр унуттургула, баатырлар!

Владимир Ленин жана Иосиф Сталиндин бүгүнкү Кыргыз мамлекетибиздин пайда болушуна чексиз салымы бар. Же адашамбы? Бишкекте Махатма Ганди, Анкара, Дэн Сяопин деген көчөлөрүбүз бар. Ленин жана Сталин аттуу көчө жок. Келигиле, бир чоң көчөнүн атын Ленин деп коёлу?"- деп жазды ал.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Kari
2025-08-20 07:05:00
Бтздин кочонун аты кыргызча,эч ким жакшы деле тааныбаган,бирок балдары акчалуу болуп калган адамдардын аттарына коюлуп калган,Алардын бири суучу,бири набайчы,бири союз убагындагы базарчы.Андвн коро Лениндин атында болсо жакшы го.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан