Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеевге генерал-лейтенант жогорку аскердик наамы ыйгарылды. Тиешелүү жарлыкка өлкө башчы Садыр Жапаров кол койгонун президенттик администрация кабарлады.
Айта кетсек, Ажикеев аталган кызматка 2020-жылдын 14-октябрында дайындалган.