Бишкек мэриясынын астына пикетке чыккан Өндүрүш Токтонасыровдун иши Ленин райондук сотуна тапшырылды

Бүгүн, 15-январда мэр шайлоо учурунда Бишкек мэриясынын астына чыккан пикетчи соттолот. Бул тууралуу Ленин РИИБинин башчысынын орун басары Талантбек Иманкадыров билдирди.

Анын айтымында, мэр шайлоо учурунда мэриянын астында нааразылык акцияларына тыюу салынган. Бүгүн саат 10:40та  Өндүрүш Токтонасыров соттун чечимине карабастан пикет өткөрүүгө аракет кылды. Пикетчи “Мэр шайланат – мэр дайындалбайт” деген жазуусу бар плакаттарды алып чыккан. Милиция кызматкерлери анын акциясын өз убагында токтотуп, Ленин РИИБине алып кетишти. 

Бул факты боюнча материалдар топтолду. Алар Ленин райондук сотуна тапшырылды. Учурда териштирүү иштери жүргүзүлүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
acer11
2014-01-15 14:55:45
Бул байкушту колдогон жан барбы.
0
Akshumkar
2014-01-15 15:23:42
кордунорбу акчсы жокту ушинтет акчасы барга унчуга алышпайт, бул нерсе ачык эле билинип калды
0
Ayday2
2014-01-15 15:54:22
Өндүрүш"Бакиев камалсын!" деп көчөгө чыкса, буга бийлик унчукпайт, сутка бою турсаң да макул деп,"Бишкектин мэрин КСДП дайындабай, эл шайласын" деп чыкса, дароо камаган РАЙРОВД курусун
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан