УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев абактарда тартип маселесине көңүл буруларын билдирди.
Ал коомдук турмушта уюшкан кылмыштуу топтордун таасири жоюлганын белгиледи.
"Эми мындан аркы тартипке келтирүү иштери түрмөлөрдө болот. Биз муну да тартипке келтиребиз. Жазасын өтөп жаткандардын арасында тартип болушу керек. Эч кандай "смотрящий", "вор" дегендер болбошу керек. Түрмөдө бардыгына бирдей шарт түзүп беришибиз керек. Абактын ичинде бири-бирин өлтүрүүгө, кордоого, ар-намысын тебелөөгө жол берилбеш керек", - деди Ташиев Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын Кайтаруу жана конвой департаментине жабдууларды жана атайын техникаларды тапшыруу аземинде.