Кыргызгидрометтен билдиргендей, бүгүн, 20-августта өлкөнүн көпчүлүк аймактарында күн ачык болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 5-9 метрге жетет.
Ал эми Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым аймактарында жаан-чачын күтүлөт.
Абанын температурасы Чүй өрөөнүндө +31 ... +36, Талас жергесинде +27... +32, Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында +32... +37, Ысык-Көлдө +22 ... +27, Нарында +25... +30 градуска көтөрүлөт.
Ал эми Бишкек шаарында күндүн табы+33... +35 градуска жетет.