Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев бүгүн, 20-августта калаадагы №5 Жоомарт Бөкөнбаев атындагы орто мектепти текшерди.
Мэриянын маалымат кызматы кабарлагандай, мектептин курулганына 53 жыл болуп, имараттын эскилиги жеткен. Калаа башчысы ал жерде жараксыз абалда тургандарды жаңылоо тапшырмасын койду.
Мындан тышкары, мэр шаардагы №46 “Келечек” балдар бакчасынын абалы менен да таанышты.