Теннисчи Серена Уильямс 39 жыл мурун коюлган рекордду кайталады

Айымдардын теннис ассоциациясынын рейтингинде 1-орунду ээлеп турган америкалык теннисчи Серена Уильямс Австралиянын Ачык чемпиондугунда 60-ирет жеңишке жетишип, 39 жыл мурун австралиялык Маргарет Корт койгон рекордду кайталады. Бул тууралуу аталган мелдештин расмий сайты билдирди.

Маалым болгондой, бүгүн, 15-январда Чоң шлем түркүмүнө кирген 4 мелдештин бири Австралиянын Ачык биринчилигинде Уильямс сербиялык Весна Долонцту утуп алды. Мелдештин экинчи айлампасында катталган бул жеңиш теннисчи айымдын карьерасында мелдештеги 60-жеңиши болуп калды. Ал эми жеңилүүлөрүнүн саны 8ди түзөт. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан