Биз социалдык тармакта

Эртең Бишкектеги Фрунзе жана Осмонкул көчөлөрүнүн кесилиши жабылат

Бишкек шаарында 21-августтан 1-сентябрга чейин Фрунзе - Осмонкул көчөлөрүнүн кесилиши жабылат. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, аталган тилкеде Фрунзе көчөсү боюнча пландуу оңдоо иштери жүргүзүлүүдө жана анын алкагында жылуулук түтүктөрүн алмаштыруу иштери өткөрүлөт.

Бул тармак 1971-жылдан бери иштеп келе жатат жана анын колдонуу мөөнөтү толугу менен бүтүп, тез арада алмаштырууну талап кылат.

"Бишкек жылуулук тармагы" муниципалдык ишканасы шаардыктарды жана борбор калаанын конокторун убактылуу ыңгайсыздыкка түшүнүү менен мамиле жасап, жол каттамын алдын ала пландап алууну суранат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан