Биз социалдык тармакта

Балыктардын массалык өлүмүнө эмне себеп болгону белгилүү болду

Ысык-Атада балыктардын массалык өлүмүнө эмне себеп болгону белгилүү болду. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, 13-августта Чүй облусунун Ысык-Ата районунун Киров айылындагы "Новое озеро" балык чарба көлмөсүндө массалык түрдө өлгөн балыктар тууралуу маалыматтар ЖМКларда жарыяланган.

Ысык-Ата райондор аралык ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун Санитардык-бактериологиялык лабораториясынын жыйынтыгы боюнча аталган суунун үлгүсүндө нормадан бир нече эсе ашкан көрсөткүчтөр аныкталды.

Бул төмөнкү терс таасирлерге алып келиши мүмкүн:

  • Кычкылтек жетишсиздиги - бактериялар жана органикалык калдыктар кычкылтекти азайтат, бул гипоксияга алып келет.
  • Метаболизмдин бузулушу - аммиактын жогору деңгээли жабрларга жана ички органдарга терс таасир берет.
  • Экологиялык тең салмактын бузулушу - суунун микрофлорасы жана азыктык чынжыр бузулат. Балык запастарынын массалык өлүмү жана репродукциянын төмөндөшү.

Жыйынтыгында суунун сапаты санитардык-экологиялык нормаларга жооп бербейт табылды. Анализдер суунун бактериалдык жана химиялык булганганын тастыктайт. Бул балыктарга жана жалпы экосистемге олуттуу коркунуч жаратат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан