Биз социалдык тармакта

Байчечекей чокусунда калган 2 орусиялык альпинист куткарылды (видео)

Чүйдөгү Ала-Арча капчыгайынын Байчечекей чокусунда калган 2 орусиялык альпинист куткарылды. Бул тууралуу ӨКМдин билдирүүсүндө айтылат.
Ага ылайык, кечээ, 20-августта Байчечекей чокусуна Ильюшинка 4б маршруту менен чыгып, кайтып келаткан Орусиянын 2 альпинисти караңгыда жол таппай тоодо түнөп калышкан.
Аталган чоку деңиз деңгээлинен 4515 метр бийиктикте жайгашкандыктан, куткарууга ӨКМдин AIRBUS H125 тик учагы тартылып, саат 6:55те чокуда калган альпинисттерди тик учак менен Бишкекке саат 7:19да алып келген.
Өз убагында ӨКМдин Апааттык медицина кызматынын дарыгерлери алгачкы жардамдарын көрсөтүштү.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан