Бүгүн, 21-август балдарын биринчи жана экинчи класска электрондук кезек аркылуу каттаган ата-энелерге Бишкек мэриясы кайрылуу жолдоду.
Анда каттоону кабыл алган мектепке тез арада төмөнкү документтерди алып баруу керектиги белгиленет.
Алар:
- ден соолугу жөнүндө медициналык маалымкаттын түп нускасы (белгиленген форма);
- алынган эмдөөлөр жөнүндө медициналык маалымкаттын түп нускасы (белгиленген форма);
- баланын 3x4 сантиметр өлчөмүндөгү сүрөтү.
Мэрия аталган документтер жаңы 2025-2026-окуу жылына даярдануу үчүн класстык комплекттерди түзүү жана башка уюштуруу иштери үчүн зарыл экенин эскертет.