Биз социалдык тармакта

Бишкекте ресторандардын биринин унаа токтоочу жайында мушташкандар аныкталды

Бүгүн, 21- августта социалдык тармактарды мониторинг кылуу учурунда Бишкек шаарынын Анкара көчөсүндө жайгашкан ресторандардын биринин унаа токтотуучу жайында белгисиз адам мушташып жаткан видео аныкталды. Бул тууралуу Октябрь РИИБинин басма сөз кызматы билдирди.
Аталган факт боюнча тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталган. Натыйжада милиция кызматкерлери тарабынан 1991-жылы туулган Ж.Ж., 1991-жылы туулган З.А., 1993-жылы туулган К.К., 1992-жылы туулган С.Б. жана 1992-жылы туулган К.Э. аттуу жарандар кармалды.
Аларга Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 126-беренесине (Майда бейбаштык) ылайык протокол түзүлүп, соттун чечими чыкканга чейин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан