U-20: Бүгүн Кубаныч Аринов жана Ырысбек Калыев килемге чыгат

Бүгүн, 21-августта Болгариянын Самоков шаарында өтүп жаткан 20 жашка чейинки жаштар арасындагы күрөш боюнча дүйнө чемпиондугунун алкагында грек-рим күрөшү боюнча мелдештер башталат. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен билдиришти.

Маалым болгондой, бүгүнкү таймаштар 60 жана 82 килограмм салмак категорияларында өтөт. Кыргызстандык балбан Кубаныч Аринов 60 килограмм, Ырысбек Калыев 82 килограмм салмак категориясында күч сынашат.

Мелдештер Бишкек убактысы боюнча саат 13:00дө башталат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан