
Бүгүн, 21-августта Бишкектин Көк-Жар айылынын Ынтымак көчөсүндө жайгашкан жашылча-жемиш сакталган кампадан өрт чыкты. Бул тууралуу ӨКМдин билдирүүсүндө жазылат.
Ага ылайык, өрттү өчүрүүгө жалпы 3 бөлүм тартылды. Кошумча ӨКМдин Бишкек шаары боюнча башкармалыгынын ыкчам нөөмөт бөлүмүнөн жана мэрия тарабынан 2 суу ташыгыч унаа чыгып, өрт өчүрүү иштерин жүргүзүүдө.
Алдын ала маалымат боюнча, менчик даяр продукция сакталган кампа сэндвич панелдерден салынган, ичинде жер-жемиш салуучу жыгач, желим кутулар, малина, кулпунай жана башка жемиштер болгон. Болжол менен 1500 чарчы метр аянт күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.