Мамлекеттик ипотекалык компаниядан алган батирдин акчасын толук төлөп бүткөнгө чейин иажарага берүүгө болбойт жана сата алышпайт. Бул тууралуу SUPER.KG порталына МИКтин расмий өкүлү Мырзагүл Сардарбекова билдирди.
Ал батирдин акчасынан толук кутулгандан кийин гана үй ээсинин наамына катталарын, ага чейин МИКтин карамагында болорун белгиледи.
"Батирдин акчасын 100 пайыз төлөп бүтсө, албетте сата алат. Анткени толук төлөп бүткөндөн кийин турак жай жарандын өзүнө катталат да. Эгер кезекке туруп алган батир болсо, ижарага берүүгө болбойт. Өзү чет жакка иштеп кетсе, бир туугандары, ата-энеси жашаса болот", - деди Сардарбекова.
Маекти толугу менен SUPER.KG порталынын Ютуб каналынан көрө аласыз.