Биз социалдык тармакта

Күн балдарга камкордук. Оштун мэри жылына өз фондунан 500 миң сомдон бөлөт

Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев Даун синдрому бар балдардын ата-энелеринин "Сантерра-Юг" коомдук кайрымдуулук фондуна барып, балдардан кабар алды. Бул тууралуу кечээ, 21-августта мэрия билдирди.
Аз күн мурун Стамбул шаарында өткөн эл аралык спорттук мелдешке Ош шаарынан барган күн балдары ийгилик жаратып кайтышкан. Калаа башчы спортчуларды жеңиши менен куттуктап, ата-энелеринин көйгөйлүү маселелерин укту.
Мэр борборго балдардын ден соолугун чыңдоочу каражаттарды тапшырды. Ошондой эле "Сантерра-Юг" коомдук кайрымдуулук фондун 200 чарчы метр аянттагы муниципалдык имаратка көчүрүүнү убадалады. Фонд ал жерде ижара акысын төлөбөй, даун синдрому бар балдардын коомго аралашуусуна колдоо көрсөтүү иштерин улантат.
Аны менен катар Жеңишбек Токторбаев бул балдарга жеке каражатынан жыл сайын 500 миң сом жардам көрсөтөрүн билдирди.
Фонддо жалпысынан 300 бала катталган, анын ичинен 40 бала окууларга, спорттук иш-чараларга активдүү катышып келет.
Оштун мэри даун синдрому бар балдарга 500 миң сомдон бөлүп берип турат
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан