Бүгүн, 22-августта Болгариянын Самоков шаарында өтүп жаткан 20 жашка чейинки балбандар арасындагы дүйнө чемпиондугунун алкагында грек-рим күрөшү боюнча мелдештер уланат. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен билдиришти.
Бүгүн Кыргызстандын улуттук курама командасынан төрт балбан килемге чыгат. Өмүр Ынтымак уулу 55 килограмм салмак ченинде, Жантөрө Мирзалиев 67 килограмм салмак категориясында, Кутман Темирбеков 72 килограмм жана Салахидин Акназаров 97 килограмм салмак ченинде күч сынашат.
Мелдештер Бишкек убактысы боюнча саат 13:00дө башталат.