Денеси жиликтенип, таштандыга ташталган кыздын аты-жөнү такталды. Бишкек ШИИББинин маалыматына караганда, бүгүн эртең менен милицияга бир аял кайрылып, өлгөн кыз аныкы экенин айткан. Учурда териштирүү иштери жүрүп жатат. Эгер тиешелүү документтер көрсөтүлсө, анда маркумдун денеси туугандарына берилет.
Маркумдун апасымын деген аялдын айтымында, кызы 1997-жылы туулган. Ал Карина Кыштобаева болгон. Бирок азырынча аны тастыктаган документ жок.
Эске сала кетсек, үстүбүздөгү жылдын 11-январь күнү эртең менен Бишкек шаарынын Панфилов көчөсү менен темир жолдун кесилишиндеги таштанды таштоочу урнадан башы жана ички органдары жок, денеси бөлүктөргө бөлүнгөн жаш аялдын өлүгү табылган. Дене 20дан ашык бөлүкчөгө бөлүнгөн. Аны жуурканга ороп, таштандыга таштап кетишкен. Учурда бул факты боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат.