Каракол шаарынын мэри Каныбек Адиев шаардык автобекеттин ишин текшерди. Бул тууралуу мэрия бүгүн, 22-августта билдирди.
Ал жерде калаа башчысы маршруттук каттамдардын саны, кызматкерлердин иштөөсү жана жүргүнчүлөргө көрсөтүлүп жаткан кызматтын сапаты менен таанышты.
Калаа башчысы мекеме жетекчилигине заманбап талаптарга ылайык билеттерди электрондук түрдө сатууну камсыз кылуу зарылдыгын белгилеп, транспорт тармагында заманбап санариптик системге өтүү тапшырмасын берди.