Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев шаарды кыдырып, текшерүүсүн улантууда.
Кезек Кызыл-Аскер кичи району тарапта болуп, анда тротуарларга, жолдун ортосуна унааларын токтотуп алгандарга түшүндурүү иштерин жүргүздү. Айрым унаа ээлери жол ортосунда эле эшиктерин ачып жатып алганына күбө болду.
Мэр жолдорду тосуп алуу үчүн эмес, унаа кыймылы үчүн жасалганын айтып ачууланды. Ошондой эле кыймылга тоскоол болгон унааларды кайгуул кызматы алып кетүүсүн талап кылды.
Аны менен катар шаардыктар менен жолугуп, маселелерин укту.