Кечээ, 21-августта Ош шаарынын Алай конушундагы Араван-Ак-Буура каналында сууга чөгүп бара жаткан эки өспүрүм кызды өргүүдө жүргөн ӨКМдин Республикалык өзүнчө куткаруу отрядынын аскер кызматкерлери куткарып калышты. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.
Маалым болгондой, өспүрүмдөрдү улук лейтенант Бексултан Канжарбек уулу менен жубайы, прапорщик Абдыкалык кызы Кулпунай куткарып калышкан.
Куткаруучулар өспүрүмдөрдү суудан чыгарып, биринчи медициналык жардам көрсөтүшүп, андан соң жабыркагандарды "Тез жардам" кызматына өткөрүп беришкен.
Бүгүн, 22-августта куткаруучулар жабыр тарткан жарандардан кабар алышты. Учурда өспүрүм кыздардын ден соолугу канааттандырарлык абалда экени белгилүү болду.
ӨКМ жарандарды жайкы эс алуу мезгилинде, өзгөчө суунун жээгинде коопсуздук эрежелерин сактоого чакырат.