Биз социалдык тармакта

Өзгөндө 21 жаштагы кызды сүзүп качкан айдоочу Куршабдан кармалды (видео

Өзгөн шаарынан 21 жаштагы кызды унаасы менен сүзүп качкан делип 41 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу Ош облусунун жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгы билдирди.

Маалыматка ылайык, окуя кечээ, 21-августта саат 11:30 чамасында Манас жана Кошуев көчөлөрүнүн кесилишинде болгон. Анда айдоочу Daewoo Matiz үлгүсүндөгү унаасы менен кызды сүзүп алган. Бирок ал кырсык катталган жерден качып кеткен.

Бутунан жаракат алган кыз Өзгөн районунун ооруканасына кайрылган. Ал тууралуу маалыматты милицияга дарыгер кабарлаган. Айдоочу Куршаб айылынан кармалып, унаасы айып короого киргизилди.

22.08.25.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан