Жантөрө Мирзалиев 20 жашка чейинкилер арасындагы грек-рим күрөшү боюнча Дүйнө чемпиондугунун финалына чыкты. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги билдирди.
Маалымдалгандай, 67 килограмм салмак категориясында күч сынашкан кыргыз балбаны өзбекстандык Фаёзбек Эшмирзаевди 5:1 эсебинде жеңип, финалга өткөн. Эми ал алтын медаль үчүн орусиялык Эрзу Закриев менен беттешет.
Айта кетсек, турнир Болгариянын Самоков шаарында өтүп жатат.