Биз социалдык тармакта

"Кыргызстанда биринчи..." Жеңишбек Токторбаев мэрияга белекке берилген унаалардын бирин айдап көрдү (видео)

Ош шаарынын бийлиги жеке ишкер Асылбек Муратбеков мэрияга 10 даана жаңы унаа белекке бергенин билдирди.

Ал ачкычтарды калаа башчысы Жеңишбек Токторбаевге тапшырган. Токторбаев унаалардын бирин айдап көрүп, андан соң журналисттерге унаалар муниципалдык VIP такси катары каттамга чыгарыларын белгиледи.

"Булар күнүнө бери дегенде 2000-3000 сом пайда алып келишет. Кыргызстанда биринчи болуп VIP такси кызматын Ош шаарында киргизип жатабыз. Бул иштин башталышы гана. Алдыда 100дөгөн унааларды алып келип каттамга чыгарабыз. Ош, Жалал-Абад керек болсо, Бишкекке чейин алып барып иштетебиз", - деди ал.

23.08.25.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан