Биз социалдык тармакта

Ош шаарынын мэри 10 күн катары менен жаңыланган жолдорду ачуу иштери болорун айтты (видео

Бүгүн, 23-августта Ош шаарында асфальтталган Күрөңкеев көчөсүнүн ачылышы болду. Бул тууралуу калаа бийлиги кабарлады.

Маалыматка ылайык, жолдун жалпы узундугу 1,5 чакырым болсо, кенендиги 24 метр. Эки карама-каршы тилкеде 4 катар унаа жүрүүгө ыңгайлашкан.

Калаа башчысы Жеңишбек Токторбаев мэрлик кызматка келгенине 7 ай болгонун белгилеп, алдыда дагы жаңы жолдор ачыларын билдирди.

"Ушул жолго асфальт төшөлгөнүнө 65 жыл болуптур. Ош шаарынын жолдору үчүн бөлүнгөн 2 миллиард сомго жасалган жолдордун ичинен алгачкылардан болуп ушул жол ачылып жатат. Эми 3 күндөн кийин 10 күн катары менен жол ачабыз. Анткени жолдордун бардыгы бүтүп калды", - деди ал.

23.08.25.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан