Биз социалдык тармакта

"Мака дейт". Ташиев Өзгөндө аксакалдарды күлкүгө салды (видео)

Кечээ, 23-августта УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Өзгөн районундагы "Кекилик-Учар бейити" мемориалдык комплексине зыярат кылып, маркумдарга багыштап куран окуду.

Андан соң ал жергиликтүү аксакалдар менен сүйлөшүү өткөрүп жатып, ар бир аймакка тиешелүү диалект болорун айтты.

"Биз жакта жүгөрү дебейт, мака дейт. "Таластыктар менен талашып калдым" деп Тынар Курманалиев деген куудул айтып жүрөт го. "Тооктун тукуму десем, эй, тукум дебей жумуртка дебейсиңби деп урушушат" деп. "Өздөрү болсо, Манастын тукумубуз деп жазып алышыптыр" дейт", - деген Ташиев жанындагыларды күлкүгө салды.

Атайын кызматтын башчысы кыргызстандыктарды аймакттардын диалект сөздөрүн сыйлоого чакырды.

24.08.25.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан