УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Оштун Өзгөн районундагы Кызыл-Октябрь айыл аймагынын тургундары менен жолугушуу өткөрдү.
Анда ал Өзгөн районунда жемкорлукка жана кылмыштуу топторго каршы күрөшүүдөн мамлекеттин казынасына 1 миллиард 910 миллион 287 миң сом өндүрүлгөнүн билдирди. Ошондой эле атайын кызматтын башчысы райондо бир нече мамлекеттик кызматкер жоопко тартылганын белгиледи.
"2 милиция кызматкери, 2 сот департаментинин кызматкери, 4 айыл өкмөт башчысы, 2 саламаттыкты сактоо адиси, 7 кадастр мекемесинин өкүлү, 1 архитектор, 1 салык кызматынын башчысы жана 1 социалдык коргоо кызматынын башчысы. Мындан тышкары 7 жаран камакка алынды", - деди Ташиев.