Бишкектеги ЦУМ-2 соода борборунда 21 жаштагы кыз эскалатордон кулап каза болду. Бул тууралуу маалыматты бүгүн, 24-августта Свердлов райондук милициясынын басма сөз кызматынан тастыктады.
Маалымдалгандай, милицияга чакыруу 12:30да түшкөн. Алдын ала маалыматтар боюнча, кыз өз өмүрүнө кол салган. Ал төртүнчү кабаттан жер төлөгө кулаган.
Учурда зарыл болгон экспертизалар дайындалууда.