
Бүгүн, 25-августта өлкө аймагында жаан-чачын болбойт. Бул тууралуу Кыргызгидрометтен билдиришти.
Абанын температурасы Талас өрөөнүндө +27…+32, Чүйдө +30…+35, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +31…+36, Ысык-Көл жергесинде +22…+27, Нарын аймагында +23…+28 градус болот.
Ал эми борбор калаа Бишкекте күндүн табы+32…+34 градуска жетсе, Ош шаарында +33…+35 градуска көтөрүлөт.