Кечээ, 24-августта Ысык-Көлдө толкун агызып кеткен 4 жаран куткарылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалым болгондой, Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районуна караштуу Бактуу-Долоноту айылындагы пансионаттарынын биринде желим кайык менен жүргөн 4 адамды шамалдан улам толкун агызып кеткендиги тууралуу маалымат түшкөн.
Жерине ыкчам түрдө Ысык-Көл райондук №31 Өрткө каршы куткаруу бөлүгүнүн 4 куткаруучусу 1 моторлуу кайык менен барып, аман-эсен куткарып калышты. Учурда аталган жарандардын абалдары туруктуу экени айтылды.