
Селден улам жабылган Балыкчы — Бөкөнбаев — Каракол унаа жолу эки тараптуу ачылды. Бул тууралуу бүгүн, 25-августта Транспорт министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, 24-августта аталган унаа жолдун 32-38-чакырымдар аралыгында нөшөрлөп жааган жамгырдан улам сел жүрүп, жол убактылуу жабылган.
Жерине тиешелүү техникалар тартылып, 25-августка караган түнү саат 01:00дө каттам берилген.
Азыркы тапта жол ачык, унаа кыймылына чектөө жок.