Биз социалдык тармакта

"Алмаштырып бергиле". Мэр Жеңишбек Токторбаев Оштогу мектепти текшерди (видео)

Бүгүн, 25-августта Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев Жапалак аймактык башкармалыгында мектептердин жана бала бакчалардын жаңы окуу жылына карата даярдыгын текшерди.

Мэр №48 орто мектептин жаңы окуу жылга карата даярдыгын көрүп, имараттагы кемчиликтерди жоюу үчүн тиешелүү кызмат адамдарына тапшырмаларды берди.

Мындан тышкары, Токторбаев №75 “Тунук Наристе”, №84 “Ынтымак” балдар бакчаларындагы бөбөктөрдүн уктоочу, тамактануучу жайларын көрүп, ашкана, ажатканаларынын абалын, тамак-аш сапатын текшерди.

25.08.25
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан