Бүгүн, 25-августтан тарта Бишкектин Ахунбаев көчөсүнүн оңдолгон бөлүгү унаа кыймылы үчүн ачылды. Бул тууралуу мэриядан билдирди.
Билдирүүгө ылайык, Ахунбаев көчөсүнүн 7-апрель көчөсүнөн Юнусалиев көчөсүнө чейинки бөлүгү унаа кыймылы үчүн ачылды.
Аталган тилкеде асфальт төшөө толугу менен жаңыланып, жаңы бордюрлар орнотулуп, жол сызыктары түшүрүлүп, жаңы жол белгилери орнотулду.
Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев бүгүн Ахунбаев көчөсүндөгү оңдоп-түзөө иштерин жеринен текшерип чыгып, жаңыланган жолдун ачылышына катышты.