Равшанбек Сабиров президентке караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин директору болуп дайындалды. Бул тууралуу бүгүн, 25-августта президенттин маалымат кызматынан билдиришти.
Маалым болгондой, тиешелүү тескемеге Садыр Жапаров кол койгон. Равшанбек Сабиров 2022-жылы да Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин директору болуп дайындалган.
Буга чейин ал эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри болуп эмгектенген. Сабиров бул кызматка былтыр, 9-декабрда дайындалган. Бүгүн ал милдетти аткаруучу болуп Канат Сагынбаев дайындалды. Эми эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин кызмат ордуна дайындоо үчүн Канат Сагынбаевдин талапкерлиги Жогорку Кеңешке макулдашуу үчүн киргизилет.