Көк бөрү оюнчусу Дастан Русланов Фаворит аты тууралуу SUPER.KG порталына берген маегинде кеп кылды.
Оюнчунун айтымында, башында Темир-Көк деп 2023-жылы "Намыс" командасына келген. Ат-Башыдан чыккан ат. Үстү омоктуу, соккуга туруктуулук берген жылкы.
Русланов бул атты сатууга өлкө ичинен да, коңшу өлкө Казакстандан да байма-бай сунуштар түшүп турарын билдирди.
"Эң көп 100 миң долларга чейин баа беришти, бирок бул аттын баасы жок, сатылбайт", - деп кошумчалады ал.
Маекти толугу менен порталыбыздын Ютуб каналынан көрсөңүздөр болот.