Бакай-Ата районунан автоээнбаштык жасаган айдоочулар табылды. Бул тууралуу Талас облусунун жол кыймылын камсыздоо башкармалыгы билдирди.
Маалымдагандай, айдоочуларга Укук бузуулар кодексинин негизинде тиешелүү протоколдор түзүлүп, жалпы 30 миң сом айып пул салынган. Ал эми унаалар айып короого токтотулду.