Казакстандын Алматы аэропортунда киши өзүн өзү өрттөгөн. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.
Окуя кечээ, 25-августта саат 22:06да аба майдандын Т-1 терминалындагы билет кассасынын жанында болгон. Милиция кызматкерлери аэропорттун коопсуздук кызматы менен бирге дароо коопсуздук чараларын көрүшкөн. Алар өрттү өчүрүп, жаран шаардык ооруканага жеткирилген.
Факт боюнча кылмыш иши козголуп, окуянын бардык себептери жана жагдайлары такталууда. Милициянын маалыматы боюнча, анын мындай кадамга барышына аялы менен болгон чыр-чатак себеп болгон.