Өзгөн шаарында өрт кырсыгы катталып, 2 жашар бала чарчап калды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабрлады.
Министрлик кечээ, 25-августта саат 11:34 чамасында Малабеков көчөсүндө жайгашкан эки кабаттуу мал сарайда өрт кырсыгы катталгандыгы тууралуу маалымат түшкөнүн белгиледи. Жерине 2 бөлүм тартылган.
Өрт мал сарайга коңшу жайгашкан 2 турак үйгө да өтүп кеткен. Анда 72 жаштагы жарандын 2 жаштагы небереси күйүп жаткан үйдүн ичинде калып каза болгон. Жаш баланын сөөгү куткаруучулар тарабынан саат 12:20да чыгарылып, тиешелүү органдарга өткөрүлүп берилген.
Өрт кырсыгы саат 12:37де чектөөгө алынып, толугу менен саат 14:10до өчүрүлгөн. Өрттүн келип чыгуу себеби жана материалдык чыгымдар такталууда.