Ош шаарынын Волгоград жана Тимирзяев көчөлөрүнө казак акыны Абай Кунанбаевдин ысымы берилип, эстелиги тургузулат. Бул тууралуу калаа бийлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, бүгүн, 26-августта шаар башчысы Жеңишбек Токторбаев Казакстандын Оштогу башкы консулу Мухтар Карибай менен Өзбекстандын башкы консулу Зафарбек Ахмеводго аталган көчөлөрдү тааныштырып чыккан.
"Көчөлөр капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөрүлүп, жумуш дээрлик аяктап калды. Көчөнүн узундугу 3 чакырым 800 метр. Алдыңкы бир ай ичинде көчөнүн башына акындын айкели коюлуп, чакан сквер уюштурулат. Абай Кунанбаев коомдук-саясий жана философиялык ой-пикирлери менен казак элинин билим, маданият жана адабият тармагына зор салым кошкон.
Ош шаарында көчөлөргө Абай Кунанбаевдин ысымын берүү - улуу акындын мурасына урмат көрсөтүү, жаштарды билимге жана маданиятка чакыруу менен бирге кыргыз-казак боордоштугун чыңдоонун дагы бир далили болуп саналат",- деп айтылат маалыматта.