Ош облусунун башчысы Элчибек Жантаев Кара-Суу районунун Датка айыл аймагындагы Кош-Таш көчөсүндө жайгашкан “Т” формасындагы жолдун кеңейтүү иштеринин жүрүшү менен таанышты. Бул тууралуу өкүлчүлүктөн билдирди.
Аталган аймакта 600 метрлик бөлүк төрт тилкелүү заманбап жолго айландырылууда. Жумуштардын жүрүшүн жеринен көргөн облус жетекчиси курулуш жай жүрүп жатканын белгилеп, суук түшкөнгө чейин иштерди ыкчамдатууну тапшырды.
Элчибек Жантаев жолдун сапатына жана аны белгиленген мөөнөттө бүтүрүүгө өзгөчө көңүл буруларын белгилеп, курулушту жеке көзөмөлгө аларын кошумчалады.