Кыргызстандык спортчулар ок атуу боюнча Азия чемпиондугунда эки коло медалга ээ болушту. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги билдирди.
Маалыматка ылайык, 16-августтан тарта 28-августка чейинки аралыкта Казакстандын Шымкент шаарында ок атуу боюнча 16-Азия чемпиондугу өтүп жатат. Мелдешке 29 мамлекеттен жалпы 756 спортчу катышууда.
Аталган мелдеште Кыргызстандын курама командасы ПП-60 (тапанча), ВП-60 (мылтык) жана МВ-60 (мылтык) атуу түрлөрүндө жакшы жыйынтык көрсөттү. Жуптар арасындагы таймаштарда тапанча атуу боюнча Анвар Ибраимов менен Кайыргүл Кубанычбекова коло байге тагынышты. Мылтык атуу мелдешинде Абдураззак Муратов менен Жибек Бекташова коло медаль алышты.