Быйыл Эгемендүүлүк күнү Жалал-Абадда белгиленет. Учурда майрамга карата даярдыктар кызуу жүрүүдө. Шаарда айланма жолдорго блокпосттор коюлуп, коопсуздук чаралары күчөтүлүүдө.
Буга чейин Жалал-Абад шаарынын эски аянтында күндүзгү концерттик программалар уюштурула турганы айтылган. Ошондой эле 30-31-август күндөрү Жалал-Абад облустук Барпы Алыкулов атындагы кыргыз драма театрында төкмө акындардын эл аралык айтышы болот.