Бүгүн, 27-августта Ош шаарындагы Исанов көчөсү капиталдык оңдоп-түзөөдөн кийин пайдаланууга берилди. Бул тууралуу Ош мэриясы билдирди.
Иш-чарага Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев, шаардык кеңеш төрагасы Болот Баетов жана жашоочулар катышты.
Бул көчө жергиликтүү бюджеттин эсебинен кеңейтилип, асфальт басуу иштери жүрдү. Көчөнүн узундугу 5 чакырым, кеңдиги 18 метрди түзүп, алты тилкелүү.