Биз социалдык тармакта

Ош мэри жаңы ачылган жолдо квадроцикл айдады (видео)

Бүгүн, 27-августта Ош шаарындагы Навои көчөсү оңдоп-түзөөдөн өткөрүлүп, пайдаланууга берилди. Бул тууралуу калаа бийлиги кабарлап, жеринен тартылган видео менен бөлүштү.

Көчө 6 тилкелүү болуп өзгөргөн. Анын узундугу 2,6 чакырым, кеңдиги 26 метр. Жаңыланган жолдун ачылышына шаар башчысы Жеңишбек Токторбаев катышкан. Ал көчөнү пайдаланууга берер алдында квадроцикл айдап өттү.

Айта кетсек, Токторбаев таңы кыдырууларын жөө басып, чуркап, велосипед, самокат тээп өткөргөнү менен белгилүү.

27.08.25.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан