Биз социалдык тармакта

Кыймылсыз мүлккө салык төлөөнүн мөөнөтү 1-сентябрда аяктайт

Кыймылсыз мүлк салыгын төлөө мөөнөтү 1-сентябрда аяктайт. Бул тууралуу Салык кызматынан билдиришти.

Маалым болгондой, салык өз убагында төлөнбөсө, ар бир кечиктирилген күн үчүн 0,09 пайыз өлчөмүндө айып салынат.

Мекемеден билдиришкендей, январь-август айларында турак жайлардан же имараттардан түшкөн салыктын суммасы 19,4 миллион сомду түзгөн. Ал эми үй жанындагы, короо-жай жанындагы жана бак-чарба жер участокторунан 12,5 миллион сом салык түшкөн. Автоматтык түрдө эсептөө модулу аркылуу салык төлөөчүлөрдүн кабинеттерине 2 миллион 377 миң 232 билдирүү жөнөтүлгөн.

Эске салсак, жарандар өздөрүнүн электрондук кабинеттерин текшерип, эсептелген сумма менен таанышып, 1-сентябрга чейин төмөнкү салыктарды төлөшү керек:
– турак үйлөргө, батирлерге салык (ишкердик иш үчүн пайдаланылбаган),
– үй жанындагы, короо-жай жанындагы жана бак-чарба жер участокторуна салык.

Быйыл төлөнө турган салыктын суммасы жөнүндө маалымат салык төлөөчүнүн кабинетине жиберилди. Салыкты төлөө төлөм кодун же QR-кодун түзүү жолу менен жүргүзүлөт.

Мүлк салыгы, аны төлөө тартиби жана берилген жеңилдиктер жөнүндө толук маалыматты жергиликтүү салык органдарынан, ошондой эле 116 номеринен же www.sti.gov.kg сайтынан алууга болот.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан