Кыргызстандык футбол калысы Бахадыр Кочкаров 2014-жылы Бразилияда өтүүчү футбол боюнча Дүйнө чемпиондугун тейлей турган калыстардын тизмесине кирди. Бул тууралуу ФИФАнын расмий сайты билдирет.
Маалыматка ылайык, калыстар тобунун тизмеси 13-январда ФИФАнын калыстарынын Цюрихтеги жыйынында бекитилген. Тизмеге 25 калыстын бригадасы кирип, анын ичинде 43 өлкөдөн 8 жардамчы калыстардын жуптугу да катталган. Алардын ичинен өзбекстандык калыс Равшан Ирматовдун бригадасында кызмат кылып келген Бахадыр Кочкаров да тизмеге кирди. Ал 2010-жылы ЮАРда өткөн мундиалда да калыстык милдетти аткарган.
Эске салсак, Дүйнө чемпиондугу 13-июнда старт алат. Мелдеш алкагында жалпысынан 64 оюн өтөт.